# 23-берене. Медициналык буюмдарды маркировкалоо жана таңгактоо

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 23-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-23

---

1. Медициналык буюмда медициналык буюмдун курамы, касиеттери, келип чыгуу табияты, өндүрүүчүсү, пайдалануу же колдонуу жөнүндө керектөөчүлөргө шексиз түшүнүктүү, толук жана анык, адашууга алып келбеген маалыматты камтыган маркировкалоосу болууга тийиш.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы аныкталбаса, медициналык буюмдарды маркировкалоого жана таңгактоого карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Көмөктөшүүчү мамлекеттин эл аралык медициналык-санитардык түзүлүштөрүнүн жана эл аралык санитардык-эпидемиологиялык бригадаларынын өзгөчө кырдаалдын жана/же согуштук чыр-чатактардын келип чыгышынын кесепетинен жабыр тарткан калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдө түздөн-түз пайдалануу ниетиндеги медициналык буюмдарга карата ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык маркировкалоонун башка системасын колдонууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-24)
