# 22-берене. Медициналык буюмдарды өндүрүү жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 22-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-22

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык буюмдарды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынган лицензиясы бар болгондо өз ишин уюштурат.

2. Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды камтыган медициналык буюмдарды жана/же алардын курамдык бөлүктөрүн өндүрүү алардын канцерогендүүлүгүн, мутагендүүлүгүн же адамдын репродукциялык функциясына терс таасир этүү мүмкүндүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

3. Тажрыйбалык үлгүлөрдү өндүрүүнү кошпогондо, Кыргыз Республикасында мамлекеттик каттоодон өтпөгөн медициналык буюмдарды өндүрүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-23)
