# 21-берене. Медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 21-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-21

---

1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан медициналык буюмдарды колдонууда жана пайдаланууда, анын ичинде алардын өз ара аракеттенүүсүндө адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан жагымсыз окуяларды алдын алуу жана табуу максатында медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүлөт.

2. Медициналык буюмдарды жүгүртүү субъекттери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кесиптик ишке байланыштуу жагымсыз окуялар (инцидент), күтүлгөн натыйжалуулуктун жоктугу, медициналык буюмду туура эмес колдонуу же пайдалануу жөнүндө, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан бардык учурлар жөнүндө коопсуздукка, сапатка жана натыйжалуулукка мониторинг жүргүзүү тартибине ылайык билдирүүгө милдеттүү.

3. Медициналык буюмдарды колдонууда жана пайдаланууда (анын ичинде медициналык буюмдардын өз ара аракеттенүүсүндө) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратуучу фактылар жана жагдайлар болуп төмөнкүлөргө алып келген жагымсыз окуялар эсептелет:

1) адам өлүмүнө;

2) ооруга же жаракатка;

3) адамдын организминин түзүлүшүнүн же функцияларынын бузулушуна;

4) госпиталдаштырууга же учурдагы госпитапдаштыруунун мөөнөтүн узартууга;

5) медициналык, анын ичинде хирургиялык кийлигишүүгө;

6) түйүлдүктүн функциялык бузулушуна, анын өлүмүнө, тубаса аномалияга же төрөт жаракатына.

4. Медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларды жана маалыматтарды жашыргандыгы үчүн алардын кесиптик ишинин түрү боюнча кабардар болгон адамдар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-22)
