# 20-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контроль жана көзөмөл

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 20-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-20

---

1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө ушул Мыйзамда белгиленген талаптардын жана эрежелердин сакталышына контроль жана көзөмөл жүргүзөт.

2. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө талаптардын жана эрежелердин сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө сапатсыз, фальсификацияланган медициналык буюмдардын, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен медициналык буюмдардын келип түшүүсүн же жүгүртүлүшүн болтурбоо жана аларды жүгүртүүдөн өз убагында алып коюу максатында жүргүзүлөт.

3. Фармацевтикалык иштин субъекттеринин медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү талаптарды жана эрежелерди сактоосун контролдоо жана көзөмөлдөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-21)
