# 2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 2-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-2

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык колдонуу үчүн медициналык буюмдарды жүгүртүү тартибин аныктайт.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) косметикалык продукцияга;

2) жеке коргонуу каражаттарына, өндүрүүчү (даярдоочу) тарабынан медициналык максатта пайдаланууга атайын багытталган каражаттарды кошпогондо;

3) in vitro диагностикасы үчүн медициналык буюмдарды кошпогондо, адамдан алынган ткандар, клеткалар, кан жана анын компоненттери камтылган же аларды колдонуу менен даярдалган продуктуларга;

4) адамдын жана жаныбарлардын трансплантациялоого багытталган тирүү ткандарына жана клеткаларына.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-3)
