# 19-берене. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баа берүү

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 19-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-19

---

1. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, медициналык буюмдардын потенциалдуу тобокелдиги классына жараша медициналык колдонууга багытталган, катталган же каттоосуз медициналык колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын атайын тизмегине киргизилген медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баа берилүүгө тийиш.

2. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна жүргүзүлгөн баа берүүнүн натыйжалары боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө тиешелүү корутунду берет.

3. Сапатына жана коопсуздугуна баа берүү, сапаты жана коопсуздугу бааланууга тийиш болгон катталган медициналык буюмдардын категориясын аныктоо, ошондой эле медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баа берүү өткөрүлгөндүгү үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Сапатына жана коопсуздугуна баа берүүдөн өтпөгөн медициналык буюмдар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгууга, жок кылынууга жана/же утилдештирилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-20)
