# 18-берене. Медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 252 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обращении лекарственных средств", "Об обращении медицинских изделий")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344#diff=1244..40637>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 18-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-18

---

1. Медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо медициналык буюмду өндүрүүгө жана медициналык буюмду өндүрүүчүнүн сапат менеджменти системасына баа берүү процесси болуп саналат. Өндүрүштү инспекциялоо коопсуздуктун, сапаттын жана натыйжалуулуктун талаптарына шайкеш келүүчү медициналык буюмдарды өндүрүү мүмкүнчүлүгүн жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоонун жүрүшүндө алынган медициналык буюм жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын медициналык буюмду өндүрүүчү тарабынан каттоо досьесинде билдирилгенге шайкештигин тастыктоо максатында жүргүзүлөт.

2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы медициналык буюмдарды өндүрүүгө жүргүзүлгөн инспекциялоонун жыйынтыгы боюнча медициналык буюмду өндүрүүчүгө мөөнөтү берилген күндөн тартып 3 жыл бою күчүндө болгон тиешелүү документ берет.

3. Медициналык буюмдардын өндүрүшүн инспекциялоону жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар арыз ээсинин (инспекциялануучу субъекттин) каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартиби жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо баштапкы, мезгилдүү (пландуу) жана пландан тышкаркы өндүрүштүк инспекциялоо формаларында жүргүзүлөт.

Өндүрүштү алгачкы инспекциялоо медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоонун алкагында жүргүзүлөт. Өндүрүштү мезгилдүү (пландык) инспекциялоо баштапкы инспекциялоодон кийин үч жылдын ичинде бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Өндүрүштү пландан тышкаркы инспекциялоо иши медициналык буюмдарды өндүрүүчүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт. (В редакции Закона КР от 3 ноября 2025 года № 252)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-19)
