# 17-берене. Кыргыз Республикасынын медициналык буюмдарынын мамлекеттик реестри

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 17-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-17

---

1. Кыргыз Республикасынын медициналык буюмдарынын мамлекеттик реестри (мындан ары - Реестр) Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдарды эсепке алуунун расмий электрондук документи болуп саналат.

2. Мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өткөрүлгөн медициналык буюмду Реестрге киргизүү аны каттагандан кийин, же болбосо мурда катталган медициналык буюмдун каттоо досьесинин документтерине саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып жүзөгө ашырылат.

3. Реестрде реестрдик жазуулардын өзгөрүүлөрүнүн жекелештирилген тарыхы жазуулар жүргүзүлгөн датаны жана убакытты көрсөтүү менен, ошондой эле каттоо ырастамасынын колдонуу статусу (анын колдонулушун токтото туруу, жокко чыгаруу) жөнүндө маалымат сакталат. Реестрден маалыматтарды өчүрүп салууга жол берилбейт.

Реестрди жүргүзүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий сайтында коомчулуктун Реестрге болгон туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

4. Реестрди түзүү тартиби жана жүргүзүү эрежелери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

5. Өлчөө каражаты болуп саналган медициналык буюмдар өлчөө каражаттарынын тиешелүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш жана аларды өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-18)
