# 16-берене. Кыргыз Республикасында каттоосуз колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдар

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 16-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-16

---

Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөр мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөөгө тийиш:

1) жеке пайдалануу үчүн гана жеке заказдар боюнча Кыргыз Республикасында жасалган медициналык буюмдар;

2) мамлекеттик каттоого багытталган медициналык буюмдардын үлгүлөрү;

3) медициналык буюмдардын стандарттык үлгүлөрү;

4) Кыргыз Республикасынын аймагына мурда ташылып келген медициналык буюмдардын запастык бөлүктөрү, комплекттөөчүлөрү жана аларга таандык буюмдар;

5) анатомиялык моделдер, медициналык муляждар, манекен-фантомдор;

6) жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына жеке пайдалануу үчүн ташылып келген медициналык буюмдар.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-17)
