# 13-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 13-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-13

---

1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензия болгондо, ушул Мыйзамдын жана лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндөгү талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин төмөнкүдөй түрлөрү лицензияланууга тийиш: медициналык буюмдарды өндүрүү, медициналык буюмдарды дүңүнөн сатуу (дистрибьюциялоо), медициналык буюмдарды чекене сатуу, медициналык буюмдарды даярдоо.

Лицензиянын бланкында лицензиялануучу фармацевтикалык иштин түрү көрсөтүлөт. Лицензияда иш жүргүзүлүп жаткан объекттин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт. Лицензияда көрсөтүлгөн объекттин дарегин өзгөртүү лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат. Фармацевтикалык иш лицензияда көрсөтүлгөн дарек боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш. Лицензиат тарабынан иш жүргүзүү орду өзгөргөндө (башка жерге, башка объектке кетүү, көчүү) жаңы лицензия алганга чейин жаңы объектте фармацевтикалык ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат. Лицензиат тарабынан бир нече ажыратылган объекттерде медициналык буюмдарды дүңүнөн жана чекене сатуу жүргүзүлгөн учурда ар бир объектке өзүнчө лицензия берилет.

3. Фармацевтикалык ишти уюштурууга карага лицензиялык талаптар, анын ичинде тиешелүү материалдык-техникалык базанын болушу, персоналдын квалификациясы жана квалификациялуу персоналдын саны, ошондой эле лицензиялык контроль жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Лицензиясыз иш жүргүзүүчү субъекттер укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-14)
