# 12-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу системасын каржылоо

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 12-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-12

---

1. Медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуу системасы арыз ээлерине ушул Мыйзамга ылайык көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн, ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын, ошондой эле өндүрүүчүлөрдөн/даярдоочулардан же өндүрүүчүлөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн алынуучу максаттуу ар жылдык төлөмдөрдүн эсебинен төмөнкүлөр каржыланат:

1) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сапат менеджментинин системасын кошуп алганда, талаптагыдай жөнгө салуу практикасын иштеп чыгуу, киргизүү жана иштетүү үчүн;

2) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуунун улуттук системасынан медициналык буюмдардын жалпы рыногун түзүү боюнча Евразия экономикалык бирлигинин актыларынын алкагында жөнгө салуу системасына өтүүсүн камсыз кылуу үчүн;

3) медициналык буюмдарды жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу системасында электрондук башкарууну иштеп чыгуу, киргизүү жана иштетүү, анын ичинде байкоо жүргүзүү максатында медициналык буюмдардын маалымат базасын түзүү, колдоо жана аларды маркировкалоо үчүн;

4) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген башка иштерди жана чараларды жүргүзүү үчүн.

2. Ар жылдык төлөмдү алуу тартиби жана анын өлчөмү, ошондой эле ар жылдык төлөмдөн бошотуу критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-13)
