# 11-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө талаптагыдай жөнгө салуу практикасы

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 11-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-11

---

1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын эрежелерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын эрежелери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тиешелүү колдонмолорунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында кабыл алынган жөнгө салуу практикасынын башка эквиваленттүү колдонмолорунун (стандарттарынын) базасында иштелип чыгат.

3. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу сапатты камсыз кылуу системасын киргизүү жана колдоо шарттарында талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сапатты камсыз кылуу системасын киргизет жана баа берүүнүн жыйынтыктарын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоо менен талаптагыдай жөнгө салуу практикасынын талаптарынын жана принциптеринин шайкештигине баа берүүнү жылына бир жолудан кем эмес жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-12)
