# 1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 216 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5241/edition/1244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000344/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 1-берене (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-1

---

Социалдык маанилүү продукцияларга кирүүчү жана адамдын ден соолугу менен өмүрүнө зыян келтирүү мүмкүндүгүнөн улам өзгөчө товар болуп эсептелүүчү, ташууда, өндүрүүдө, даярдоодо, сактоодо, сатууда, колдонууда/пайдаланууда, жок кылууда жана утилдештирүүдө өзгөчө контролду талап кылуучу медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелер ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналат. Ушул Мыйзам медициналык буюмдарды жүгүртүү субъекттеринин ишинин укуктук негизин түзөт, Кыргыз Республикасында медициналык буюмдарды жүгүртүүгө карата бирдиктүү талаптарды белгилейт, ошондой эле аларды иштеп чыгууга, клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөргө (сыноолорго), өндүрүүгө, даярдоого, алардын сапатына, натыйжалуулугуна, коопсуздугуна баа берүүгө, медициналык буюмдарды сатууга жана аларды жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка аракеттерге байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344/st-2)
