1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 1-глава
Социалдык маанилүү продукцияларга кирүүчү жана адамдын ден соолугу менен өмүрүнө зыян келтирүү мүмкүндүгүнөн улам өзгөчө товар болуп эсептелүүчү, ташууда, өндүрүүдө, даярдоодо, сактоодо, сатууда, колдонууда/пайдаланууда, жок кылууда жана утилдештирүүдө өзгөчө контролду талап кылуучу медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байланыштуу келип чыгуучу мамилелер ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп саналат. Ушул Мыйзам медициналык буюмдарды жүгүртүү субъекттеринин ишинин укуктук негизин түзөт, Кыргыз Республикасында медициналык буюмдарды жүгүртүүгө карата бирдиктүү талаптарды белгилейт, ошондой эле аларды иштеп чыгууга, клиникага чейинки (клиникалык эмес) жана клиникалык изилдөөлөргө (сыноолорго), өндүрүүгө, даярдоого, алардын сапатына, натыйжалуулугуна, коопсуздугуна баа берүүгө, медициналык буюмдарды сатууга жана аларды жүгүртүү чөйрөсүндөгү башка аракеттерге байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000344/st-1" title="1-берене - Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>