# Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 21/4 "Административдик аймактык реформа жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 21/4 "Административдик аймактык реформа жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/4
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22838/edition/1124/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 21/4 "Административдик аймактык реформа жөнүндө" токтому (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000270

---

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын отуруму 2023-жылдын 14-декабры №21/4 Административдик аймактык реформа жөнүндө Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы иш чаралар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 сандуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында Нариман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагыныда жайгашкан Жим, Жийделик, Жаңы-маала айылдарынын Ош шаарынын территориялык аймагына өтүүсү боюнча Жийделик айылынын 157,0 га жер аянты турак үйлөр жана жолдор, Жим айылынан 62,28 га турак жай жана жолдор, Жаңы-маала айылынан 20,23 га турак үйлөр жана жолдор, 47,16 га сугат айдоо аянттарын, Ош шаарынын аймагына бириктирүү маселеси, колдоого алынсын.

2. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык адеп боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы

Х.Ш.Артыкова
