# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22829/edition/1097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Токтому (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000242

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 3-марты № 130

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары кызмат орду боюнча, ошондой эле Президенттин Администрациясынын өкүлү коллегиянын мүчөлөрү болуп саналат, ал Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча аныкталат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
