# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-декабры ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-декабры ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 353
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10517/edition/1087/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-декабры ПЖ № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы (16.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000236

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 21-декабры ПЖ № 353

Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам: (КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашырууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
