Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 353 «Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 21-декабры ПЖ № 353
Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлүнүн ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам: (КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашырууга байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобо (КР Президентинин 2023-жылдын 21-декабрындагы ПЖ N 353 Жарлыгына)Положение · 21.12.2023 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-декабры № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.12.2025 · № 365
- Президенттин айрым Жарлыктарына өзгөртүүлөр киргизилдиУказ · 17.12.2025
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.