# Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 "Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 "Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 173/30-5
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22822/edition/1073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 "Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтому (18.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000228

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXX КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ 2023-жылдын 18-декабры №173/30-5 Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 8-декабрындагы №1-22/3678 жана 13-декабрындагы №1-22/3738 кайрылууларын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдери 1 жана 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.М.Сансызбаев
