Токмок шаардык кенешинин «Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 „Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXX СЕССИЯСЫ 2023-жылдын 18-декабры №170/30-5 Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 8-декабрындагы №1-22/3661, №1-22/3662 жана 12-декабрындагы №1-22/3710 кайрылууларынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кенешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкү үнөмдөлгөн бюджеттик ассигнованиелердин максаттуу багытын өзгөртүүгө жана жылдырууну жүргүзүүгө макулдук берилсин:
-Токмок шаардык кеӊеши боюнча “Кызматтык кыдырууларга чыгашалар” 2211 беренесинен 26,0 миӊ сом, “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесинен 113,1 миӊ сом, “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222 беренесинен 30,0 миӊ сом, “Машина жана жабдуулар” 3112 беренесинен 11,3 миӊ сом, бардыгы 180,4 миӊ сом; -Токмок шаарынын мэриясы боюнча “Маяна” 2111 беренесинен 1000,0 миӊ сом, “Социалдык Фондго төгүмдөр” 2121 беренесинен 172,5 миӊ сом, “Кызматтык кыдырууга чыгашалар” 2211 беренесинен 2,0 миӊ сом, “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен 66,0 миӊ сом, “Машина жана жабдуулар” 3112 беренесинен 2,0 миӊ сом, бардыгы 1242,5 миӊ сом; -Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча “Маяна” 2111 беренесинен 500,0 миӊ сом, “Социалдык Фондго төгүмдөр” 2121 беренесинен 86,0 миӊ сом, “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен 1000,0 миӊ сом бардыгы 1586,0 миӊ сом; -Чүй райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы боюнча “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул” 2721 беренесинен 250,0 миӊ сом.
2.Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен төмөндөгү иш-чараларды каржылоого 3258,9 миң сом суммасында жылдырууларды жүргүзүүгө макулдук берилсин:
-Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” 2215 беренесине (Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинатына) кошумча – 3000,0 миӊ сом суммасында; -Токмок шаарынын мэриясы боюнча “Резервдик фонд” 2824 беренесине кошумча 258,9 миӊ сом суммасында.
3.Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн атайын каражаттар боюнча “Классификацияланбаган билим берүү жана маданият кызматтарына акы төлөө” 14232900 беренеси боюнча 1500,0 миң сом суммасына көбөйтүлсүн, тактап айтканда “32 147,6” деген цифралар “33 647,6” деген цифралар менен алмаштырылсын.
4.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ушул токтомдун пунктарына ылайык жүргүзсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага
Т.М.Сансызбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындага № 112/21-5 "Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.01.2023 · № 112/21-5
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59