Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 „Кыргыз Республикасынын жарандарын „Консулдук эсеп“ автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 21 декабря 2023 года № 692 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-21.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-сентябры № 171 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу механизмдерин мындан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- аталышындагы "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктта:
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; үчүнчү абзацта: ", анын ичинде" деген сөздөр алып салынсын, "Маалыматтык системасын" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - "Консулдук эсеп" АМС)" деген сөздөр менен толукталсын; төртүнчү абзацындагы "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - консулдук эсеп)" деген сөздөр "Консулдук эсеп" АМС" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: "Даректик - маалымдама бюро" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "ДМБ" АМС)" - жашаган жери жана жүргөн жери боюнча жарандарды каттоо эсебине алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган, каттоо эсебине алуу органдары тарабынан түзүлгөн жана колдонулган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система. "Суратып алдырып алуу" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Суратып алдырып алуу" АМС) - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин маалымкаттын берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтердин аныктыгын суратып алдырып алуу жана/же ырастоо жөнүндө маалыматты сактоо, өткөрүп берүү жана иштетүү менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы.";
- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"Ушул Жобонун 13-пунктунун биринчи абзацы менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасындагы жооптуу орган болуп тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу боюнча ишти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын консулдук кызматы (мындан ары - консулдук кызмат), же Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет.";
- 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде жаран Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарылбаса, анда туруктуу консулдук эсепке алуу тууралуу жүргөн өлкөсүндөгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине кайрылганда бул жаран тарабынан ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жана даректен чыгуу баракчасын суратып алдырып алуу жөнүндө арызы берилет. Консул "Консулдук эсепке алуу" АМС аркылуу жарандын Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө арызын Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дарегине жөнөтөт. Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын жаранынын арызынын негизинде ал каттоо эсебинен чыгарылгандан кийин "Суратып алдырып алуу" ЛМС аркылуу даректен чыгаруу баракчасын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин дарегине жөнөтөт.";
- 8-пунктта:
4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; алтынчы абзацындагы "(түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет)" деген сөздөр "(анын ичинде бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн түстүү сүрөтүн)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктта:
- 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
бешинчи абзацындагы "(түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет)" деген сөздөр "(анын ичинде бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн түстүү сүрөтүн)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун биринчи-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандарынын ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арызынын негизинде төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- жаран Кыргыз Республикасына кайтканда;
- Кыргыз Республикасынын жараны башка чет мамлекетке жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- бир чет мамлекеттин чегинде Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган орду өзгөрүп, башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчүп кеткенде.
Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы жок төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.";
- 13-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Консулдук эсептен чыкпаган жана Кыргыз Республикасына чыгып кеткен жарандар ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз менен кайрылганда консулдук кызматта же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда консулдук эсептен чыгарылышы мүмкүн.";
- 2, 5-7, 9-тиркемелери ушул токтомдун 1-5-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2021-жылдын 22-сентябрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
Төрага
У .А.Марипов
1-тиркеме "Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
Форма
Кыргыз Республикасынын Элчилигинин консулдук бөлүмү (Башкы консулдугу, консулдугу) _________________________________________________________________ _________________________________________________________________
(барган өлкө)
Кыргыз Республикасынын жаранын консулдук эсепке алуу жөнүндө КАТТОО КАРТОЧКАСЫ (колго басма тамгалар менен же машинкада толтурулат)
1
Фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер мурда башка Ф.А.А. болсо, көрсөтүү керек)
2
ИЖН
3
Туулган күнү жана жери (өлкө, облус, калктуу конуш)
4
Улуттук паспортунун сериясы жана номери, ким жана качан берген
5
Улуту
6
Кыргыз Республикасында жашаган (катталган) жеринин дареги
7
Үй-бүлөлүк абалы (барган өлкөдө арыз берүүчү менен бирге жүргөн 18 жашка чейинки балдарынын, ошондой эле жубайынын жана жакын туугандарынын Ф.А.А. (балдары, атасы, энеси, бир туугандары), туулган жылы)
8
Иштеген жери, кызматы жана окуган жери (окуу жайын жана бөлүмдү көрсөтүү менен)
9
1. Барган өлкөдөгү жашаган дареги (чет тилде)
2. Телефон номери (мобилдүү, үйдөгү, жумуштагы)
3. Электрондук дареги
10
Жубайы жана Кыргыз Республикасындагы жакын туугандары (Ф.А.А., жашаган жеринин дареги)
Каттоо карточкасында көрсөтүлгөн маалыматтардын бардыгы туура экенин билдирем. Мени балдарым (камкордуктагы адамдардын) менен бирге консулдук эсепке алууну суранам ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________
(балдардын/камкордуктагы адамдардын Ф.А.А.)
20___-жылдын "___" _________________________
Жарандын колу: ____________________________ Каттоо карточкасын текшердим: ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________
(кызмат орду, консулдун Ф.А.А.)
20___-жылдын "___" _________________________ ".
2-тиркеме "Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме
Форма Мурда жашаган жери боюнча консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын __________________________________________________________________
(барган өлкө)
Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө (Башкы консулдугуна, консулдугуна) жаран __ __________________________________________________________________
(Ф.А.А., жарандыгы)
__________________________________________________________________ ИЖН: _____________________________________________________________ Телефону: _________________________________________________________ Социалдык камсыздандыруу номери: ___________________________________ Сизден мени _______________________________________________________ __________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
Консулдук эсептен __________________________________________________
(чет өлкөдөгү мекеме)
______________________________________________________ байланыштуу
(себебин көрсөтүү керек)
чыгарууну суранам.
Арыз ээсинин колу: _______________ 20___-жылдын "___" _________________________
".
3-тиркеме "Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме
(Талап кылган жерге)
Форма Консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө
МААЛЫМКАТ
Ушул маалымкат менен Кыргыз Республикасынын жараны _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ (улуттук паспорттун ээсинин Ф.А.А.) ИЖН: ____________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ (документтин сериясы, номери, датасы, берген мамлекеттик органдын аталышы) _________________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин аталышы) консулдук эсептен чыгарылды. Маалымкат берилди: _________________________________________________________________________ (кызмат орду, ыйгарым укуктуу кызмат адамынын Ф.А.А.)
М.О. _____________________________________________ (колу)
20___-жылдын "___" _________________________
".
4-тиркеме "Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме
Жалпы жарандык паспорттогу консулдук эсепке алуу жөнүндө мастикалуу штамптын ҮЛГҮСҮ
Консулдук каттоого алынган Осуществлена постановка на консульский учет ________________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________
20___-ж. (г.) "___" __________________________
Ыйгарым укуктуу кызматкердин колу: Подпись уполномоченного лица: ________________________________________________
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин мөөрү жок жараксыз
Без гербовой печати заграничных учреждений Кыргызской Республики недействителен
".
5-тиркеме "Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобого 9-тиркеме
Туруктуу консулдук эсепке алууда Кыргыз Республикасында каттоо эсебинен чыгаруу жана даректен чыгуу баракчасын суратып алдырып алуу жөнүндө АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын _________________________________________________ (өлкөнүн аталышы) Элчилигинин консулдук бөлүмүнө (Башкы консулдугуна, Консулдугуна) ___________ _______________________________________________________________________ (Ф.А.А., жарандыгы) ИЖН: __________________________________________________________________ Тел.: __________________________________________________________________ Социалдык камсыздандыруу номери: ________________________________________ Сизден мени ____________________________________________________________ (Ф.А.А.) туруктуу консулдук эсепке алууга байланыштуу каттоо эсебинен чыгарууну жана даректен чыгуу баракчасын суратып алдырып алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнөм.
Арыз ээсинин колу: ______________ Датасы: _______________________".
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 21.12.2023 · № 692
- Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө…Положение · 25.11.2019 · № 632 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 692 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 21.12.2023 · № 692
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу…Постановление · 25.11.2019 · № 632 · Күчүн жоготкон