# Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22814/edition/1042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (22.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000212

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 22-декабры № 209

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000212/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 57-пункту "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", прокурор" деген сөз менен толукталсын;

2) 24-берененин 3-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", прокурор" деген сөз менен толукталсын;

3) 34-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) кылмыш ишин тергөөнү кошпогондо, сотко чейинки өндүрүштү;";

4) 35-берененин 1-бөлүгүндө:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"31) тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого жана (же) жүргүзүүгө;";

б) 5-пункт "тергөөчүлөрдүн тобуна" деген сөздөрдөн кийин "тергөөнү жүргүзүү, ал эми төмөн турган прокурорго тергөөнү уюштуруу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 19-пункт "тергөөчүнү" деген сөздөн кийин ", төмөн турган прокурорду" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 145-берененин 3-бөлүгүндө "Тергөөчү" деген сөз "Тергөөчү, прокурор" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000212/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2023-жылдын 22-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
