# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабры № 674 "Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабры № 674 "Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 674
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22813/edition/1041/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабры № 674 "Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000209

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-декабры № 674

Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө

"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мобилизациялык милдет аныкталган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору:

1) Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускаманы жетекчиликке алсын;

2) өз чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
