Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-декабры № 674
Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мобилизациялык милдет аныкталган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору:
1) Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускаманы жетекчиликке алсын;
2) өз чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 26.05.2014 · № 78