# Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 179 "Жер тилкесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 179 "Жер тилкесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22804/edition/1026/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Биринчи май айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 179 "Жер тилкесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (06.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000199

---

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы 2023-жылдын 6-октябры № 179 жер тилкесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 3-пунктуна, 18-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Биринчи Май айыл өкмөтүнө жер тилкесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Биринчи Май айыл өкмөтүнө түштүк-чыгыш тарабындагы Ак-Суу айылы, Вокзальная көчөсү № 10 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 311.2 ч.м. жер тилкесин түзүүгө макулдук берилсин;

2. Биринчи Май айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси жер-кадастрдык иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана бөлүнгөн участоктун иш кагаздарын Москва районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалына түзүүнү;

3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.

Биринчи майдын айылдык кеңешинин төрагасы

Н.И. Акматалиев
