# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-ноябры ПЖ № 325 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-ноябры ПЖ № 325 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 325
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000193>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10516/edition/1013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000193.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-ноябры ПЖ № 325 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы (02.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000193

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 29-ноябры ПЖ № 325

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кадрдык потенциалды чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык токтом кылам:

(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

- II бөлүмдүн 4-главасынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты

Категориялар

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия

Эсептөө палатасы (борбордук аппарат)

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрү

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппараты

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Аппараттын жетекчиси(\*)

Аппараттын жетекчиси(\*)

Аппараттын жетекчиси (\*)

Башкы кызмат орду

Б-А

Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы

Башкармалыктын начальниги(\*) Бөлүмдүн башчысы(\*) Башкы мамлекеттик инспектор(\*)

Аймактык бөлүмдүн жетекчиси(\*)

Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы

Б-Б

Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Атайын өкүл Басма сөз-катчысы(\*)

Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы(\*) Аналитик(\*) Мамлекеттик инспектор(\*) Басма сөз-катчысы(\*)

Бөлүмдүн башчысы(\*) Мамлекеттик инспектор(\*)

Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Басма сөз-катчысы(\*)

Улук кызмат орду

У-А

Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл

Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы(\*) Эксперт(\*) Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл(\*)

Эксперт(\*)

Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл

У-Б

Башкы адис Системалык администратор

Инспектор(\*) Башкы адис(\*)

Инспектор(\*) Башкы адис(\*)

Инспектор Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис(\*)

Жетектөөчү адис(\*)

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис(\*)

Адис(\*)

Адис

".

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров
