# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 663 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 663 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 663
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22797/edition/1008/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 663 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (12.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000188

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 12-декабры № 663 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө Калкка медициналык жардам көрсөтүүдө оорукана ичиндеги инфекциянын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Республикалык бюджеттен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары бул токтомду тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускамаларды бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
