# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 686
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000185>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22795/edition/1004/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000185.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (21.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000185

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-декабры № 686 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 58-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:

1) 2 жумуш күндүн ичинде - 1340 сом;

2) 1 жумуш күндүн ичинде - 3760 сом;

3) 3 сааттын ичинде - 8460 сом.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
