# Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-05 "Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-05 "Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19-05
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22791/edition/1000/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-05 "Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" токтому (22.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000180

---

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы 2023-жылдын 22-ноябры №19-05 Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 жана 1998-жылдын 20-июлундагы № 45 чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Нурабад айыл өкмөтүнүн Кайрагач-Арык айылында жайгашкан жер тилкелерине турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү боюнча Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 04.04.1996-жылдагы № 21 чечиминин тизмесине ылайык Өзбекстан Республикасынын жараны 04.02.1963-жыл туулган Исаков Розивай Абдураззакович киргизилип идентификациялык номерлери 5-02-08-10010253 , 5-02-08-1001-0158 болгон эки жер тилкеси жана 20.07.1998-жылдагы Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн № 45 чечиминин тизмесине ылайык Өзбекстан Республикасынын жараны 01.04.1976-жылда туулган Мухаммедов Аброрбек Махмудович киргизилип идентификациялык номерлери 5-02-08-1001-0254 жер тилкелери берилип кеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы “Жер Кодекси” жөнүндө 45-Мыйзамынын 5-статьясына ылайык , Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Араван райондук бөлүмүнүн 18.10.2023-жылдагы 03-31/119 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-январындагы № 28-Мыйзамы менен Нурабад айыл өкмөтү Тепе-Коргон айыл өкмөтүнөн бөлүнүп , өз алдынча айыл өкмөт болуп түзүлгөндүгүн эске алуу менен Нурабад өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:

1. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 04.04.1996-жылдын № 21 чечиминин тизмесине өзгөртүүлөр киргизилип, Өзбекстан Республикасы жараны 04.02.1963-жылда туулган Исаков Розивай Абдураззаковичти тизмеден чыгарууга макулдук берилсин.

2. Өзбекстан Республикасынын жараны 01.04.1976-жылда туулган Мухаммедов Аброрбек Махмудовичке жер тилкеси берилип кеткендигине байланыштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 20.07.1998-жылдагы № 45 чечимин жокко чыгарууга макулдук берилсин.

3. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 04-апрелиндеги № 21 чечиминин тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча калган тизме өзгөртүүсүз калтырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н. Махамматов
