# Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-02 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-02 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19-02
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22788/edition/997/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нурабад айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 19-02 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (22.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000177

---

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы 2023-жылдын 22-ноябры №19-02 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-августундагы №413-т тескемесин аткарууга алуу максатында Нурабад айыл өкмөтүнүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесин жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:

1. Нурабад айыл өкмөтүнүн жалпы пайдалануудагы Уйгур-Абад-Лангар-Тепе-Коргон жолунан 400 метр жана Ноокат-Араван-Тепе-Коргон жолунан 41-кмден 49-кмге чейин 8 км болгон автомобиль жолдорунун жол тилкесин жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Нурабад айыл өкмөтүнүн жалпы пайдалануудагы Уйгур-Абад-Лангар-Тепе-Коргон жолунан 400 метр жана Ноокат-Араван-Тепе-Коргон жолунан 41-кмден 49-кмге чейин 8 км болгон автомабиль жолдорунун жол тилкеси жана жол боюндагы жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигине өткөрүп берүүдө тийиштүү иш чаралар айыл өкмөтү тарабынан алып барылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н. Махамматов
