Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства юстиции КР от 2 сентября 2025 года № 3 «Об утверждении Перечня случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции в системе Министерства юстиции Кыргызской Республики»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-02.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 3 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК
2023-жылдын 25-декабры № 215 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин азайтуу жана ак ниеттүү башкаруу принциптерин ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасьнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары – Тизме) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
1) аны төмөнкүлөр аркылуу жоюу/минималдаштыруу максатында коррупциялык тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу боюнча ишти тизмеге ылайык туруктуу негизде жүргүзсүн:
- автоматташтырууну максималдуу камсыздоо жана кызмат адамдарынын жарандар жана уюмдар менен жеке өз ара аракеттенүүсүнүн зарылдыгын жоюу;
- коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон бөлүмдөрдүн ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу.
2) Министрликтин системасындагы кызмат адамдарынын коррупциялык укук бузууларды жасоосуна жол бербөө максатында төмөнкүлөр аркылуу ички контролду уюштуруу боюнча чараларды туруктуу негизде жүргүзсүн:
- киреше, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун текшерүү;
- жарандардан жана уюмдардан келип түшкөн даттануулардын жана кайрылуулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтардын негизинде;
- жарандарды кабыл алган жерлерде видеобайкоо жана аудио жазуу каражаттарын колдонуу;
- коррупциялык жүрүм-турум мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
3. Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында эки жылда бир жолудан көп эмес мамлекеттик кызматчыларды ротациялоонун планын түзсүн.
4. Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары бул буйруктун тескөөгө алынган түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан аткарылышын контролдосун.
5. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу:
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Укуктук маалымат башкармалыгына берсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып анын көчүрмөсүн үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
6. Регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү бул буйрукту министрдин биринчи орун басарына жана орун басарларына, борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга билдирсин.
7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 29-августундагы № 171 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциогендик кызмат орундарынын тизмектерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр
Б.А.Баетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги…Приказ · 02.09.2025 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (Кыргыз Республикасынын Юстиция…Перечень · 25.12.2023 · № 215 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги…Приказ · 02.09.2025 · № 3