# Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-6 "Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-6 "Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8-5-6
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000044>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22741/edition/869/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-6 "Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө" токтому (21.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000044

---

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-6 Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык мүлк салыгы боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгы киргизилсин. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына жана Миң-Куш айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисине тапшырылсын. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Д.Т.Абдыралиев
