# 1-берене

- Документ: ["Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230000004)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-январындагы № 16 ""Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000004/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22716/edition/1833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230000004/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000004/st-1

---

"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-декабры, № 110) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 9-пунктунда "өрт коопсуздугу боюнча долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү" деген сөздөр "долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 14-беренеде:

а) 10 жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10) жеке жана юридикалык жактар кайрылганда өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына ылайык келиши жөнүндө ишке киргизилип жаткан имараттардын жана курулмалардын материалдарына, орнотмолоруна, жабдууларына, өрткө каршы автоматтык системаларына, ошондой эле чыккан өрттөр боюнча корутунду берүү;

11) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү;";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 14, 15 жана 16-пункттар менен толукталсын:

"14) курулуш материалдарын, конструкцияларды жана коргоо объекттерин өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү боюнча сыноо, изилдөө;

15) өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;

16) белгиленген тартипте өрт-техникалык экспертизадан өткөн долбоордук документтердин аткарылышына контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу.";

3) 16-берененин 3-пункту "аткарбагандыгы үчүн" деген сөздөрдөн кийин "кызмат адамдарына, жеке жана юридикалык жактарга" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 24-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары жана кызматкерлери каза болгон же жаракат алган учурда зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230000004/st-2)
