1-берене
Күчүндө · 16.01.2024 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-декабры, № 110) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 9-пунктунда "өрт коопсуздугу боюнча долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү" деген сөздөр "долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 14-беренеде:
а) 10 жана 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) жеке жана юридикалык жактар кайрылганда өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына ылайык келиши жөнүндө ишке киргизилип жаткан имараттардын жана курулмалардын материалдарына, орнотмолоруна, жабдууларына, өрткө каршы автоматтык системаларына, ошондой эле чыккан өрттөр боюнча корутунду берүү;
11) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 14, 15 жана 16-пункттар менен толукталсын:
"14) курулуш материалдарын, конструкцияларды жана коргоо объекттерин өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү боюнча сыноо, изилдөө;
15) өрт коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;
16) белгиленген тартипте өрт-техникалык экспертизадан өткөн долбоордук документтердин аткарылышына контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу.";
3) 16-берененин 3-пункту "аткарбагандыгы үчүн" деген сөздөрдөн кийин "кызмат адамдарына, жеке жана юридикалык жактарга" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 24-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары жана кызматкерлери каза болгон же жаракат алган учурда зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 16.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өрт коопсуздугу жөнүндөЗакон · 13.12.2022 · № 118
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000004/st-1" title="1-берене - "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>