# Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-3 "Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-3 "Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8-5-3
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230000003>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22714/edition/841/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-3 "Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын өзгөртүү жөнүндө" токтому (20.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230000003

---

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-3

Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-декабрындагы №114 мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Миң-Куш айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын көтөрүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:

Миң-Куш аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы “Сайнап-Уултай” бала бакчасынын ата-энелер тарабынан төлөнүүчү акча каражатын ар бир балага 500 сомдон 800 сомго көтөрүлсүн. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Д.Т.Абдыралиев
