# Чет-Нура айылдык кеңешинин 2014 жылдын 20 мартындагы № 11\\1 "Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Чет-Нура айылдык кеңешинин 2014 жылдын 20 мартындагы № 11\\1 "Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11/1
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229916>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25294/edition/755923/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет-Нура айылдык кеңешинин 2014 жылдын 20 мартындагы № 11\\1 "Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө"токтому (20.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229916

---

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XI сессиясы

2014 жылдын 20 марты № 11\\1 Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө Ийри-Суу айылынын тургундарынын үлүшкө тийген жерлеринин тоюттуулугу аз болгондуктан , атайын жерлерди айыл өкмөт менен келишим түзүп пайдаланып келишкен. Келишимдин мөөнөтү бүткөндүктөн жаңы мыйзам боюнча жайыт комитетинин «Кыргыз Республикасынын жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндөгү» 13.09.2013-жылдагы № 515 токтомунун 5-пунктунун 18 беренесиндеги б пунктундагы көрсөткөндөй өздөштүрүп алган жерлерин мыйзамдаштырып берүү жагын сурашкан. Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ийри-Суу айылынын тургундарынын арызы канааттандырылсын.

2. Чөп чабынды катары пайдаланып жүргөн жерлери мыйзамга ылайык келишимдин негизинде берилсин.

3. Ийри-Суу айылынын дыйкан-чарба башчыларына иш планга ылайык элдик токтомду эске алуу менен көчүү-конуу маселесин так аткаруу жагы милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткаруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго, жер комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдындыруу, көрктөндүрүү, энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Жакыпов
