# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016 жылдын 22 июнундагы № 01-05/ 255 "Мамажанов Тавакалжандын арызы жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016 жылдын 22 июнундагы № 01-05/ 255 "Мамажанов Тавакалжандын арызы жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-05/255
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229866>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25244/edition/751842/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2016 жылдын 22 июнундагы № 01-05/ 255 "Мамажанов Тавакалжандын арызы жөнүндө"токтому (31.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229866

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2016 жылдын 22 июну № 01-05/ 255 Мамажанов Тавакалжандын арызы жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Саратов көчөсүнүн №24 үйүнүн тургуну Мамажанов Тавакалжандын Октябрьская көчөсүндөгү иштетип жүргөн ашканасынын пайдалануу багытын дүкөн үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Саратов көчөсүнүн №24 үйүнүн тургуну Мамажанов Тавакалжандын арызы канааттандырылсын.

2. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү жагы райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы

Ж.Токтосунов
