# Сакалды айылдык кеӊешинин 2015-жылдын 14-ноябрындагы № 3 "Айыл өкмөттүн кызматкерлерине сыйлык эмгек акы төлөп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сакалды айылдык кеӊешинин 2015-жылдын 14-ноябрындагы № 3 "Айыл өкмөттүн кызматкерлерине сыйлык эмгек акы төлөп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229863>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25241/edition/707561/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сакалды айылдык кеӊешинин 2015-жылдын 14-ноябрындагы № 3 "Айыл өкмөттүн кызматкерлерине сыйлык эмгек акы төлөп берүү жөнүндө" токтому (14.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229863

---

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2015-жылдын 14-ноябры № 3

Айыл өкмөттүн кызматкерлерине сыйлык эмгек акы төлөп берүү жөнүндө Күн тартибине коюлган үчүнчү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сакалды айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине 2015-жыл ичинде эмгек акы фондунан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен сыйлык эмгек акы төлөп берүү боюнча айыл өкмөт башчысы М.Султановдун 10.11.2015-жылдагы кызматтык каты канааттандырылсын .

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №609 сандуу токтомуна негиз жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен эмгектеги жетишкендиктери учун алдынкы кызматкерлерге эки оклад эсебинен ашпаган өлчөмдө сыйлык акы жана компенсация төлөнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М Султановго милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Ү. Исмаилов
