# Он-Арча айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-июлундагы № 14/1 "Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы «Таш-Дөбө» «Боз-Бешик» участкасынын №1431 контурундагы айыл чарба категориясындагы жайыт түрүндөгү жерлерди байланыштын жерлери категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Он-Арча айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-июлундагы № 14/1 "Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы «Таш-Дөбө» «Боз-Бешик» участкасынын №1431 контурундагы айыл чарба категориясындагы жайыт түрүндөгү жерлерди байланыштын жерлери категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/1
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25193/edition/699506/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Он-Арча айылдык кеңешинин 2015-жылдын 27-июлундагы № 14/1 "Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы «Таш-Дөбө» «Боз-Бешик» участкасынын №1431 контурундагы айыл чарба категориясындагы жайыт түрүндөгү жерлерди байланыштын жерлери категориясына которуу жөнүндө" токтому (27.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229815

---

ОН-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI шайланган депутатардын Он-Арча айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVI сессиясы

2015-жылдын 27-июлу № 14/1 Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы «Таш-Дөбө» «Боз-Бешик» участкасынын №1431 контурундагы айыл чарба категориясындагы жайыт түрүндөгү жерлерди байланыштын жерлери категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12,18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансфармациялоо) жөнүндөгү» №145 15-июль 2013-жылдагы мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 2014-жылдагы № 169 жана 14-февраль 1998-жылдагы № 66 токтомдоруна жана Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 10-июль 2013-жылдагы №175 аныктамасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын 9-июнь 2014-жылдагы актысына негиздеп, Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылынын тургундарын сапаттуу уюлдук түйүнүнүн байланышы менен камсыз кылуу максатында Он-Арча айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он-Арча айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылындагы №1431 контурдан 0,06га жер аянты айыл чарба категориясынан жайыт түрүндөгү жерлерди байланыштын жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жер балансасына өзгөртүүлөр киргизүүсү суралсын.

3. Которулган жер аянты Он-Арча айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Он-Арча айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы М.Болотбековго тапшырылсын.

Төрага

М. Босунов
