# Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № XXX-3 "Ноокат шаарынын аймагынын Кара-Турпак жана Бостон кварталдарында Абдуллаев Мубарактын наамында көчө болгондуктан, Кара-Турпак кварталындагы Абдуллаев Мубарак атындагы көчөсүнүн аты өзгөртүлүп маркум Камалов Турсуналинин атына кою жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № XXX-3 "Ноокат шаарынын аймагынын Кара-Турпак жана Бостон кварталдарында Абдуллаев Мубарактын наамында көчө болгондуктан, Кара-Турпак кварталындагы Абдуллаев Мубарак атындагы көчөсүнүн аты өзгөртүлүп маркум Камалов Турсуналинин атына кою жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: XXX-3
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25117/edition/696120/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 20-январындагы № XXX-3 "Ноокат шаарынын аймагынын Кара-Турпак жана Бостон кварталдарында Абдуллаев Мубарактын наамында көчө болгондуктан, Кара-Турпак кварталындагы Абдуллаев Мубарак атындагы көчөсүнүн аты өзгөртүлүп маркум Камалов Турсуналинин атына кою жөнүндө" токтому (20.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229738

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз IV чакырылышынын XXX сессиясы

2016-жылдын 20-январы № XXX-3

Ноокат шаарынын аймагынын Кара-Турпак жана Бостон кварталдарында Абдуллаев Мубарактын наамында көчө болгондуктан, Кара-Турпак кварталындагы Абдуллаев Мубарак атындагы көчөсүнүн аты өзгөртүлүп маркум Камалов Турсуналинин атына кою жөнүндө Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын Абдуллаев Мубарак атындагы көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун 2015-жылдын 27-декабрындагы №-1 протоколунун, Ноокат шаарынын аймагындагы кварталдарда Абдуллаев Мубарак атындагы көчөсү экөө болгондугуна байланыштуу Ноокат шаар мэриясынынт 2015-жылдын 31-декабрындагы №01-15ү501 сунушунун жана Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын Абдуллаев Мубарак атындагы көчөсүнүн тургундарынын 2016-жылдын 6-январындагы Ноокат шаардык кеңешине жазган катын талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы № 159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун сунушун карап чыгып Ноокат шаардык кенешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Абдуллаев Мубарак атындагы көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Ноокат районунун спортунун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон, көп жылдар бою үзүрлүү иш жүргүзгөн маркум Камалов Турсуналинин атына коюлсун.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Гафаров
