# Масы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-августундагы № 1 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Масы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-августундагы № 1 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229652>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25033/edition/694400/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Масы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 14-августундагы № 1 "Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө" токтому (14.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229652

---

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

2015-жылдын 14-августу № 1 Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө

05.07.2002-жылдагы «Кыргыз Республикасынын аксакалдар соту жонундогу» №113 Мыйзамынын 11-беренесинин негизинде жана аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 2013-жылдын 05-сентябрындагы VII сессиясынын № 6 токтому менен бекитилген Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамы төмөнкү курамда 3 жылдык мөөнөткө бекитилсин.

1. Бекжанов Даирбек –аксакалдар сотунун төрагасы.

2. Ажыматов Мавлянбек – аксакалдар сотунун орун басары.

3. Чурекова Жаркынай- аксакалдар сотунун катчысы.

4. Суяров Махаматали- аксакалдар сотунун мүчөсү.

5. Аракулов Абдымалик- аксакалдар сотунун мүчөсү.

3. Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 2013-жылдын 05-сентябрындагы VII сессиясынын № 6 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Абдалиевге тапшырылсын.

Төрага

С.Арзиев
