# Ырыс айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-августундагы № 18/6 "Күмүш-Азиз айылынын тургуну Турдалиев Мамазаиттин арызын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ырыс айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-августундагы № 18/6 "Күмүш-Азиз айылынын тургуну Турдалиев Мамазаиттин арызын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/6
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24836/edition/689137/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ырыс айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-августундагы № 18/6 "Күмүш-Азиз айылынын тургуну Турдалиев Мамазаиттин арызын канааттандыруу жөнүндө" токтому (29.08.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229453

---

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ

2015-жылдын 29-августу № 18/6 Күмүш-Азиз айылынын тургуну Турдалиев Мамазаиттин арызын канааттандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12,13,25-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген жобого ылайык, Күмүш-Азиз айылынын тургундарынын жана айыл кеңешинин депутаттарынын катышуусунда түзүлгөн 16.02.2015-ж. № 1-протоколун, айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун, Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо башкармалыгы тарабынан берилген 11.08.2015-жылдагы № 372-сандуу корутундусун, Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 04.04.2015-жылдагы № 89-корутундусун сессияда депутаттар талкуулап, жаран Турдалиев Мамазаиттин арызын канаттандыруу максатында Ырыс айыл кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Күмүш-Азиз айылын тургуну Турдалиев Мамазаиттин жеке менчик 0,25 га жер тилкесине спорт аянтчасын куруу үчүн которууга макулдук берилсин.

2. Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жер балансасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

Т.М. Атакулов
