# Ырыс айылдык кеңешинин 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 19/5 "Жаран Абылкасымов Заирбектин арызын канааттандыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ырыс айылдык кеңешинин 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 19/5 "Жаран Абылкасымов Заирбектин арызын канааттандыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19/5
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24826/edition/689053/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ырыс айылдык кеңешинин 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 19/5 "Жаран Абылкасымов Заирбектин арызын канааттандыруу жөнүндө" токтому (10.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229443

---

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫ

2015-жылдын 10-ноябры № 19/5 Жаран Абылкасымов Заирбектин арызын канааттандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,13,25-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген жобого ылайык, Ырыс айыл өкмөтүнүн суу жана айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун депутаттар сессияда талкуулап, жаран Абылкасымов Заирбектин арызын канааттандыруу максатында Ырыс айыл кеңеши: Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 21.09.2009-жылдагы № 1953 сандуу токтомунда жаран Абылкасымов Заирбекке жеңил типтеги мал сарай куруу үчүн жер ажыратылып берүү жөнүндө Ырыс айыл өкмөтүнүн 26.12.2008-жылдагы № 412 буйругу бекитилип берилген. Бирок тилеке каршы курулуш куруу үчүн ажыратылган 0.15 га жер аянты картографиялык материалдарында көрсөтүлгөндөй жер көчкүсүнө жакын жайгашкандыктан башка коопсуз жерге, айыл чарбасына жараксыз жерге которууга уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.

3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

Т.М. Атакулов
