# Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 25/9 "Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 25/9 "Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/9
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24798/edition/688746/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 25/9 "Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө" токтому (11.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229415

---

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы

2015-жылдын 11-ноябры № 25/9 Көк-Жаңгак шаардын мэринин № 129-0 10.11.2015-ж.кайрылуу каты жөнүндө Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэри Ж.Юсуповдун № 129-0 10.11.2015-жылдагы кайрылуусун жана Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 08.05.2006-жылдагы 10/3 кабыл алынган токтом менен таанышып мурдагы шаардын базарынын жер участогун муниципалдык менчике кайтарып алуу жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 10- беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын 08.05.2006-жылдагы Х-сессиясынын 10/3 кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.

2. Жер участогу Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтомуна ылайык «Көк-Жаңгак кыймылы» коомдук бирикмесинин кайрылуу катындагы маселе шаардын жер комиссиясында мыйзамдуу турдо каралып чечилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Т.Айтиевге) тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

К. Курбанов
