# Каракол шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөг Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Каракол шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөг Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26-36/4
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24685/edition/915233/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/229301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каракол шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөг Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (27.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229301

---

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 20-октябры № 26-36/4 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөг Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомунун редакциясына ылайык) Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөгү Жобонун долбоорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХVI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкарууларынын структурасы жана штаттык сыраттамасы бекитилсин (№2 тиркеме) .

3. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин “Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусунун Жобосу” жөнүндөгү 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтому жокко чыгарылсын.

4. Каракол шаарынын мэриясы:

- Каракол шаарындагы №8 МАБнун чек арасын, анын 1800 м жогору болгон жерлерин белгилөө менен аныктасын жана кезектеги сессияга бекитүү үчүн киргизсин;

- МАБнүн квитанцияларынын үлгүлөрүн жана маалымдамалар үчүн алына турган тарифтерди иштеп чыксын;

5. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.

6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

7. Токтом ММКларда жарыялансын.

8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А. Абдыкадыров

Каракол шаардык депутатар кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 токтомуна 1-тиркеме

Каракол шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө ЖОБО

(Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Каракол шаардык депутатар кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 токтомуна 3-тиркеме

Каракол шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ

Кызматтардын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Башчысы

7

Эсепчи

1

Бардыгы

8

Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси

Р. Кыштобаев
