Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каракол шаардык кеңешинин «Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөг Жобону» бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 20-октябры № 26-36/4 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөг Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомунун редакциясына ылайык) Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөгү Жобонун долбоорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХVI сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкарууларынын структурасы жана штаттык сыраттамасы бекитилсин (№2 тиркеме) .
3. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин “Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусунун Жобосу” жөнүндөгү 01.07.2011-жылдагы №25-35/3 токтому жокко чыгарылсын.
4. Каракол шаарынын мэриясы:
- Каракол шаарындагы №8 МАБнун чек арасын, анын 1800 м жогору болгон жерлерин белгилөө менен аныктасын жана кезектеги сессияга бекитүү үчүн киргизсин;
- МАБнүн квитанцияларынын үлгүлөрүн жана маалымдамалар үчүн алына турган тарифтерди иштеп чыксын;
5. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А. Абдыкадыров
Каракол шаардык депутатар кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 токтомуна 1-тиркеме
Каракол шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыктары жөнүндө ЖОБО
(Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2017-жылдын 27-декабрындагы № 27-18/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Каракол шаардык депутатар кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы № 26-36/4 токтомуна 3-тиркеме
Каракол шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ
Кызматтардын аталышы
Штаттык бирдиктердин саны
Башчысы
7
Эсепчи
1
Бардыгы
8
Каракол шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси
Р. Кыштобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Каракол шаардык кенешинин 2011-жылдын 1-июлундагы № 25-35/3 «Каракол шаарынын муниципалдык аймактык өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Жобону бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар…Постановление · 01.07.2011 · № 25-35/3 · Күчүн жоготкон
- Каракол шаардык кенешинин 2011-жылдын 1-июлундагы № 25-35/3 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу жөнүндө" ЖОБОПоложение · 01.07.2011 · № 25-35/3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241