Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Гулистан айылдык кеңешинин «Гулистан айыл аймагындагы экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө» токтому
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гулистан айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги ХХIV сессиясы
2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-2 Гулистан айыл аймагындагы экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү” № 319 токтомун жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 22-июлундагы ушул маселе боюнча № 147-б буйругун турмушка ашыруу максатында айыл өкмөтү жогорудагы токтом жана буйруктарды аткарууга алып, атайын иш чараларды кабыл алып, алардын аткарылышын камсыз кылган. Аймактагы бардык билим берүү мекемелеринин жылытуу системалары көмүр менен камсыз болгон. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-октябрындагы буйругу менен бардык мектептердин жылытуу системаларын иштетүүгө уруксат берилген. Аймактагы калктын 70 пайызы көмүр жана отун менен камсыз болгон. Айыл өкмөтү Гулистан жана Фрунзе айылдарында калкка көмүр сатуу боюнча атайын жай ажыратып берген. Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап айыл кеңешинин кезектеги сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гулистан айыл өкмөтү айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жылытуу системалапын туруктуу иштөөсүн камсыз кылсын.
2. Айыл кеңешинин депутаттары, көчө комитеттеринин мүчөлөрү, айыл башчылар калкты көмүр, отун жана электр энергиясы менен камсыздалышын көзөмөлгө алышсын, керек болгон учурда көмөк көрсөтүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айыл кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча иштөөчү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
И. Ташматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 25 мая 2015 года № 319 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2015/2016 года"Постановление · 25.05.2015 · № 319 · Күчүн жоготкон