# Токтогул шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы № 124 "Токтогул шаардык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтому

- Толук аталышы: Токтогул шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы № 124 "Токтогул шаардык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24520/edition/682753/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токтогул шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-июнундагы № 124 "Токтогул шаардык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча" токтому (06.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229135

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2013-жылдын 6-июну № 124 Токтогул шаардык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 токтомуна ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XXVII – сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Токтогул шаардык кеңешининин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде гана жазылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

4. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

К. Дербишев
