# Ак-Таш айыл кеңешинин 2013-жылдын 27-июлундагы № 1 "Депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин арызын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Таш айыл кеңешинин 2013-жылдын 27-июлундагы № 1 "Депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин арызын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24488/edition/681985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/229103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Таш айыл кеңешинин 2013-жылдын 27-июлундагы № 1 "Депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин арызын кароо жөнүндө" токтому (27.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229103

---

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Таш айыл аймактык Кеңешинин кезектеги 5 сессиясынын (бешинчи шайланган)

2013-жылдын 27-июлу № 1 Депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин арызын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 22-бер. 1-бөл, 24-бер. 3-бөл, “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндөгү” мыйзамынын 5-бер. 1-бөл. талаптарына ылайык Ак-Таш айылдык кеңешинин № 5204 10 мандаттуу Жылкелди шайлоо участкасынан депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратууу жөнүндө сурап жазган арызын канааттандыруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ак-Таш айылдык кеңешинин № 5204 10 мандаттуу Жылкелди шайлоо участкасынан депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратууу жөнүндө сурап жазган арызын канаттандырылсын жана мөөнөтүнөн мурда депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. № 5204 10 мандаттуу Жылкелди шайлоо участкасынан кийинки көп добуш алган талапкерге мандат берүү жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

М. Кадыров
