# Сары-Булак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 30-июнундагы № 15/106 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 30-июнундагы № 15/106 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15/106
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/229096>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-24481/edition/681866/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 30-июнундагы № 15/106 "Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө" токтому (30.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/229096

---

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы

2015-жылдын 30-июну № 15/106 Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарга берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бектилсин. (тиркеме тиркелет).

2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акыдан каражаттардын түшүсү жана пайдаланышы тууралуу жыл сайын отчет берсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.

Төрага

Б.К. Элтуйбасов
